Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:54

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин президент Дональд Трамп менен жолугуу үчүн АКШга келди. Кытай башчысынын учагы Флорида штатына конду. Ал жерге президент Дональд Трамп да келет. Бул президент Трамптын Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен инаугурациядан кийинки алгачкы жолугушуусу. Жолугушуулар жума күнү болот.

Сүйлөшүүлөрдүн негизин эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык маселелер түзөрү күтүлүүдө. Мындан тышкары эки өлкөнүн башчылары Түндүк Кореянын өзөктүк маселесин жана Тайван көйгөйүн сүйлөшөт.

Эксперттердин пикиринде, бул сүйлөшүү дүйнөлүк эки ири экономика лидерлеринин мамилесине туруктуулук алып келет. Америка базары Пекин үчүн маанилүү, базардын кыскарышы кытай экономикасына терс таасирин тийгизет.

Мурдараак президент Трамп Кытайдан соода саясатын өзгөртүүнү талап кыларын билдирген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG