Бишкек четиндеги "Ата Бейит" комплексинде уюштурулуп жаткан Апрель окуясынын жети жылдыгын эскерүү иш-чарасына келген эл тизме менен киргизилип жатат. Жыйынга катышууну каалаган айрым тургундардын кире албай нааразы болуп жатканын мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун "Азаттык" радиосуна билдирди.
Апрель ыңкылабынын катышуучулары түзгөн "Айкөл Ала Тоо" коомдук фондунун өкүлдөрү жыйын катышуучулары тизме менен киргизилери алдын ала айтылганын билдирди.
Саат 11де баштала турган эскерүүгө президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик башындагылар катышат.
Буга чейин 7-апрель "мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес" деп жарыяланган.
2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан. Учурда Беларуста башпаанек тапкан. (SE)