Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:43

Индиядагы бильярд мелдешине эки кыргызстандык катышат


Мухаммед Каримберди уулу жана Калысхан Сагыналиев бильярд федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Маматокторов менен.

Бильярддын снукер түрү боюнча 21 жашка чейинкилер арасында Индияда өтө турган Азия чемпиондугунда Кыргызстандын намысын эки оюнчу коргойт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" спорттун аталган түрү боюнча федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Маматокторов билдирди.

Чандигарх шаарындагы мелдешке Мухаммед Каримберди уулу жана Калысхан Сагыналиев жөнөп кетти. Оюндар 8-апрелде башталат.

Мухаммед Каримберди уулу 18 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиондугуна катышып, төрт оюндун үчөөндө жеңген.

Калысхан Сагыналиев Бишкек шаарынын чемпиону. Эл аралык мелдештерге алгачкы жолу катышууда. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG