Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

8-апрелге аба ырайы


Кыргызстанда ушул күндөрү күн жылып, ошол эле учурда жаан-чачын көбөйгөнүнө байланыштуу тоолуу аймактарда кар жана жер көчкү коркунучу жогору. Тоолуу унаа жолдоруна муз тоңот. Айдоочулар унаа ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Мындай кырдаал 10-апрелге чейин уланат.

8-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарында кыламык кар жаайт. Башка аймактарда жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, айрым жерлерде -2 градус үшүк жүрөт. Күндүз +11…+16;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, айрым жерлерде -2 градус үшүк жүрөт. Күндүз +10...+15;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +5...+10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG