Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Эрлан Абдылаев тажик, өзбек ТИМ жетекчилери менен жолукту


Сирожидин Аслов жана Эрлан Абдылдаев.
Сирожидин Аслов жана Эрлан Абдылдаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ташкентте өзбек жана тажик тышкы иштер министрлери менен жолукту. 6-апрелдеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Эрлан Абдылдаев тажикстандык кесиптеши Сирожидин Аслов менен негизинен аймактык коопсуздук, Ооганстандагы тынч эмес жагдай жана анын таасирин талкуулады. Тажикстандагы этникалык кыргыздарга Бишкектен гуманитардык жардам жеткирүү жаатында да сүйлөшүү болду.

Андан тышкары, чек ара кызматташтыгы, тактала элек тилкелерди делимитациялоо, саясий, экономикалык, маданий карым-катышты чыңдоо жаатында пикир алмашуу болду.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов менен да жолугуп, чек араны аныктоо жаатында сүйлөшкөнүн расмий Ташкент кабарлады.

Жолугушуу Ташкентте 7-апрелде өтө турган КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынынын алкагында уюштурулду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG