Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Франция: талапкер Фийонго ун чачып кетишти


Франсуа Фийон
Франсуа Фийон

Франциянын Страсбург шаарында президенттикке талапкер Франсуа Фийондун бетине белгисиз адам ун чачып жиберди. Консерватор саясатчы шаарга бейшемби күнү үгүт жүргүзүү үчүн келген.

Окуя Фийон шайлоочулардын алдына чыгып сүйлөөр алдында болгон. Ун чачкан адам иш-чарага кирүү үчүн "Студенттер Фийон менен" деген жазуусу бар футболканы кийип алган. Аны саясатчынын жансакчылары кармаганга үлгүрүштү. Ыңгайсыз абалга кабылган Фийон залдан чыгып, 10 мүнөттөн кийин кайтып келгенин BFM телеканалы кабарлады.

Алгач Франциядагы шайлоонун фаворити деп саналган мурдагы премьер-министрдин рейтинги үй-бүлө мүчөлөрүн кызматка алган деген айыптоолордон улам төмөндөп кетти. Мыйзам бузбаганын айткан саясатчы сурамжылоолор боюнча борборчул Эммануэл Макрон жана ашкере оңчул Марин Ле Пенден кийин үчүнчү орунда келатат. Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи туру 23-апрелде, экинчиси 7-майда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG