Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

Македонияда 39 күндөн бери нааразылык акциялары токтой элек. Бейшембиде баш калаа Скопьеде миңдеген адамдар көчөгө чыкты. Алар албан тилине расмий тил деген макам берүү планына каршылык билдиришүүдө.

Декабрдагы шайлоодон кийин парламентке келген Социал-демократтар партиясы албан тилинин макамын көтөрүү шартынын алкагында этникалык албандардын саясий партиялары менен коалиция түзүүгө аракет кылган. Бирок Македониянын президенти мындай макулдашууну улуттук биримдикке шек келтирет деп четке кагып койгон.

Македониянын 2,1 миллиондой калкынын 25 пайызын албандар түзөт. Алардын кызыкчылыгын коргогон саясий топтор македон бийлигинен көбүрөөк укуктарды талап кылып келет. Жакында этникалык албандардын партия өкүлдөрү Тиранада Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жолугушкан. Андан көп өтпөй македон бийлиги ички маселелерге кийгилишти деп коңшу Албанияны айыптаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG