Кыргызстанда март айында башталган "Бир момунга бир дарак" өнөктүгү уланып жатат. Аны Муфтияттын буйругунун негизинде облустук казыяттар уюштурууда.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, муфтият менен "Ыйман" фонду демилгелеген өнөктүк боюнча, казыяттар көчөт отургузуу жадыбалын даярдашкан.
Акция алкагында мечит-медреселердин, мектептердин, социалдык мекемелердин жана коомдук жайлардын короолоруна көчөт эгилет.
Өнөктүккө каалоочулардын баары катышат. Ар ким өзү бирден көчөт алып келүүгө тийиш. (SE)