ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, жаза өтөө жайынан качканы үчүн издөөдө жүргөн адам Бишкектен кармалды. Ал 1988-жылы туулган Нарын облусунун тургуну. Абактан качкандан кийин Ош базарына жакын жерде батирде жашап жүргөн жеринен колго түшкөн.
Ага Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы түрмөдөн качканына байланыштуу Кылмыш кодексинин 336-беренесине ылайык иш козгогон.
ИИМдин маалыматы боюнча кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Мурда адам уурдоо, каракчылык, акча талап кылуу беренелери боюнча соттолгон. Катаал режимдеги жаза мөөнөтүнүн көп бөлүгүн өтөп бүтүп, жатак абакка которулгандан кийин качып кеткен. Иликтөө жүрүп жатат. (NT)