Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:04

Чавушоглу Башар Асадды токтоосуз бийликтен кетүүгө чакырды


Түркия тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сирия президенти Башар Асад кызматтан токтоосуз кетиши керектигин жана убактылуу өкмөт түзүү зарылдыгын билдирди.

Ал 7-апрелдеги билдирүүсүндө эл аралык террорчулукка каршы коалицияга ракеталык чабуулдар тууралуу алдын ала маалымат берилгенин кабарлады. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эро, Германия тышкы иштер министри Зигмар Габриэл, Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты.

Буга чейин түрк бийлиги АКШнын Сириядагы аба базага жасаган соккусун кубаттаган.

Идлиб провинциясындагы соңку химиялык чабуулдар үчүн президент Башар Асадды күнөөлөгөн АКШ 7-апрелдин таңында Сирия өкмөтүнүн аба базасына ракетадан сокку урган.​

Кремл муну "эгемен мамлекетке каршы агрессия" деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG