Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Талас: күрөш боюнча мелдеште Бакай-Ата району жеңди


Кыргыз балбандары.
Кыргыз балбандары.

Талас облусунун Оро айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылында 8-апрелде өткөн кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеште Бакай-Ата району алдыга чыкты.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мелдешти уюштуруучулардын бири Батырбек Акматов билдирди. Анын айтымында, байгелердин саны боюнча экинчи орунду Кара-Буура району, үчүнчү орунду Бишкектен келген балбандар алышты.

Республикалык турнирге өлкөнүн ар тарабынан келген 400дөн ашык балбан катышты. Байге фонду 200 миң сомду түзгөн мелдешти Оро айыл өкмөтүнүн жашоочулары уюштурган. (AlS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG