Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда үч жеңил автоунаа кагышып, андан беш адамдын өмүрү кыйылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 8-апрелде саат 19:20 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда, аталган каттамдын 80-чакырымында болгон.
Айланма жолдогу жеңил машинелердин кагылышуусунан эки автоунаа күйүп кеткен, төрт адам Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.