Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:19

Швеция терактка шектелип кармалган адамдын ысымын жарыялай элек


7-апрелде Стокгольмдо уурдалган жүк ташуучу машине соода борборунун имаратына сүзүп кирип, өрттөнүп кеткен. Андан төрт адам каза тапты, он беши жараат алган.  

Өлкө бийлиги Стокгольмдогу соода борборуна жүк ташуучу автоунаа менен сүзүп кирүүгө шектүү делип 39 жаштагы Өзбекстандын жараны кармалганын 8-апрелде билдирген. Башкы прокурор Ханс Ирман шектүү 7-апрелдеги окуядан кийин Стокгольмдун түндүгүнөн кармалганын маалымдады. Ал автоунааны уурдап, элди тебелеп кеткен деп шектелүүдө. Швеция премьери Стефан Лёвен окуяны "теракт" деп атады.

Полиция башкармалыгынын жетекчиси Дан Элиассон 8-апрелдеги басма сөз жыйынында жүк ташуучу машинеден шектүү зат табылганын кабарлап, бирок анын жардыргыч экенин же бат күйүүчү суюктук болгонун так айта албай турганын, техникалык эскпертиза жүрүп жатканын билдирди.

Reuters агенттиги маалымдагандай, сот бекиткен адвокат Йохан Эриксон кечээ камакка алынган шектүү менен жолуккан. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына эч кандай маалымат айткан жок. Швед коопсуздук кызматынын башчысы Андерс Торнбергдин айтымында, шектүү былтыр атайын кызматтардын каттоосуна алынган, ал кезде анын кандайдыр бир экстремисттер менен байланышы аныкталган эмес.

Буга чейин Стокгольмдун борборундагы террордук кол салууга шектүү делип эки адам кармалган.

Швециялык Aftonbladet гезити алардын бири 39 жаштагы Өзбекстандын тургуну жана өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун жактоочусу экенин жазды.

7-апрелде Стокгольмдо уурдалган жүк ташуучу машине соода борборунун имаратына сүзүп кирип, өрттөнүп кеткен. Андан төрт адам каза тапты, он беши жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG