Акын Анри Волохонский 82 жашында Германияда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу израилдик "Курсор" сайты акындын жолдошторуна шилтеме берип жазып чыкты.
Волохонский 1936-жылы Ленинградда туулган. 1973-жылдын этегинде чет мамлекетке чыгууга уруксат алып, ошол жылдын 31-декабрынан тартып Израилде жашаган. 1985-жылы Мүнхенге көчүп, ал жерде 1995-жылдын августуна чейин "Азаттык" радиосунун жаңылыктар бөлүмүндө редактор болуп эмгектенген. Андан кийин Тюбингенде жашаган. 2004-жылдан тарта Хорб шаарына жакын жердеги Рексинген шаарчасында өмүрүн өткөргөн.
Анри Волохонскийдин чыгармаларынын ичинен "Бейиш" аттуу обондуу ыры кеңири таанымал.
Волохонский проза да жазган, анын "Роман-маркум" чыгармасы көпчүлүккө белгилүү.