Ийри-Суу айыл аймагынын Жаңгакты айылында 8-апрелде жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көчкү турак жайларга 100 метр жетпей токтогон. Жабыркагандар жок.
7-апрелде райондун Ничке-Сай айылынын Тилеке-Сарай участкасында эки турак жайды көчкү басып калган. Бул үйлөрдүн ээлерине 6-апрелде айыл өкмөт эскертүү берип, алар туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.
26-марттын таңында Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, алты адамдан турган бир үй-бүлөнү басып калган эле.