Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Трамп Сириядагы ракета соккулары тууралуу Конгресске расмий кабарлады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы аскердик чабуулдар жасалары тууралуу Конгресске расмий маалымдама жиберди.

Анда Трамп бул соккулар Американын тышкы саясий жана улуттук коопсуздук кызыкчылыктары үчүн зарыл экенин белгилеген.

Ошондой эле ал аймактагы кырдаалды турукташтыруу, Сирияда гуманитардык катастрофанын күчөп кетишинин алдын алуу үчүн керектигин айткан.

Пентагон АКШнын ракеталык чабуулунан кийин жарым-жартылай талкаланган Шайрат аба базасы Сириянын өкмөттүк күчтөрү тарабынан 4-апрелдеги Хан-Шейхун шаарындагы чабуулдарга колдонулган деп эсептейт. Маалыматка караганда, химиялык газ колдонуудан кеминде 86 адам мерт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG