Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Ослодо жардыруу уюштурууга шектүү кармалды 


Швед бийлиги "теракт" деп атаган Стокгольмдогу кол салуудан кийин бардык Скандинавия мамлекеттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Швед бийлиги "теракт" деп атаган Стокгольмдогу кол салуудан кийин бардык Скандинавия мамлекеттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Норвегиянын борбору Осло шаарында жардыруу уюштурууга шектүү адам кармалды. Шаардын борбордук районунда 8-апрелде белгисиз зат табылган. Полиция анын колго жасалган бомба экенин жана зыянсыздандырылганын билдирген.

Швед бийлиги "теракт" деп атаган Стокгольмдогу кол салуудан кийин бардык Скандинавия мамлекеттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, андан кийин соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Андан төрт адам каза таап, он беши жаракат алды. Террорчу деген шек менен Өзбекстан жараны кармалганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG