Египеттин Танда шаарындагы чиркөөдөгү жардыруудан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 50гө жакыны ар кандай жаракат алды.
Бул тууралуу Египет телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, жардыруу копттордун чиркөөсүндө болду.
Ага эмне себеп болгону белгисиз. Азырынча окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Египетте копт христиандары 6 миллион адамды түзөт.