Москвада 8-апрелдеги темир жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Аны Орусиянын Тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.
Акыркы маалыматтарга таянсак, эки поезддин кагышылуусунан 50дөн ашык адам жаракат алып, анын он экиси ооруканага жаткырылды.
Кырсыкка электр поездинин тормозу иштебей калганы түрткү болгону, буга байланыштуу анын курамы артка кетип жүргүнчү поездине барып урунганы божомолдонууда.
8-апрелдин кечинде "Москва-Брест" каттамындагы жүргүнчү поезди менен электр поезди кагылышкан, үч вагон жана локомотив рельстен чыгып кеткен.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдына ала маалыматы боюнча, жаракат алгандар арасында кыргызстандыктар жок.