Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Швецияда кол салган жаран экстремисттик уюмдарга жантарткан


Кол салуу болгон жер. Стокгольм, 7-апрель, 2017-жыл.

Швед полициясы билдиргендей, борбор Стокгольмда жүк ташуучу менен кол салууну ишке ашырды деп шектелген адам буга чейин экстремисттик уюмдарга, анын ичинде “Ислам мамлекети” тобуна жантартканын көргөзгөн.

Полиция ошондой эле кылмышка шектүүнүн Швециядан туруктуу жашоочу маккамын алуу өтүнүчү четке кагылганын, ал депортация болмоктугун да кошумчалады.

7-апрель күнү Стокгольмда жүк ташуучу унаа менен адамдарды жана көп кабаттуу дүкөндүн витринасын сүзгөн деп 39 жаштагы өзбекстандык шектелүүдө.

Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, бул кылмышка шектүү экинчи адам да кармалды.

Бирок, анын ким экендиги айтыла элек.

Полиция ошондой эле тергөө кызыкчылыгы үчүн дагы беш кишини абакта кармоодо.

Кол салуудан төрт адамдын, анын ичинде эки швециялык, бир британиялык жана бир бельгиялык жарандын өмүрү кыйылган.(UE)

XS
SM
MD
LG