Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Кыйноо боюнча соттолгон абак кызматкерлеринин арызы каралат


Кыргыз милиционерлери.
Кыргыз милиционерлери.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-апрелде кыйноого байланыштуу соттолгон жазаларды аткаруу кызматкерлеринин аппеляциялык арызын карайт.

Октябрь райондук соту 2-мартта кыйноого айыпталган Жаза аткаруу мекемесинин төрт кызматкеринин ар бирин жети жылдан күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан. Айыпталуучулар сот залынан камакка алынган. Алар соттун өкүмүнө макул болбой жогорку инстанцияга кайрылышып, жараян бүгүнкүгө белгиленген.

Кызматкерлердин үстүнөн үч жыл мурун тергөө абагында отурган Тимур Айткожо уулу жана Нуркемел Искендеров кыйноо боюнча арызданган. Алар соттолгондор Бишкектеги №47 абактын жетекчисин бычактоо боюнча ишти өздөрүнүн моюнуна илүүнү көздөп, уруп-сабаганын айтышкан. Абак кызматкерлери өздөрүнүн күнөөсүз экенин билдирип келишет. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG