Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Активисттер Садыр Жапаровду бошотууну өтүнүштү


Садыр жапаров.
Садыр жапаров.

Жалал-Абадда онго чукул активист президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошту. Анда парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун Кыргызстанга өз ыктыяры менен келгенин жана абактагы азыркы абалын эске алып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Ошондой эле кайрылууда "саясий кугуунтуктар көбөйүп, адам укугу бузулуп жатат" деген тынчсыздануу жазылган. Жапаровдун өз өмүрүнө кол салышы күмөн жаратары айтылып, мунун чоо-жайын дыкат иликтеп чыгуу чакырыгы ташталган.

Оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду 26-мартта Биринчи Май райондук соту эки айга камап, №1 тергөө абагына киргизилген. 2-апрелде Жаза аткаруу кызматы ал кан тамырларын кескилегенин, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүн жана акыбалы жакшы экенин билдирген. 4-апрелде аталган кызмат Жапаровдун 3 мүнөттүк видеосун жарыялаган, ал жерде саясатчы акыбалы жакшы экенин айткан. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG