Стокгольмдогу терактка шектелген 39 жаштагы Өзбекстандын жараны Швецияда туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылганы белгилүү болду. Полиция ал Швеция борборундагы кылмышка түздөн-түз катышкан деп эсептеп жатат
- 2014-жылы ал өлкөдө туруктуу жашап туруу макамын сурап кайрылган, бирок 2016-жылы июнда бул өтүнүчү четке кагылган. 24-февралда депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланган, – деди Швеция полициясынын жетекчиси Жонас Хейсинг.
Анын билдиришинче, шектүү экстремисттик уюмдарга, өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топко жан тартып келген. Швециянын укук коргоо органдары азыр анын болжолдуу шериктерин издөө иштерин улантып жатышат. Теракт боюнча кеминде беш киши кармалган. Кол салуудан төрт адам каза тапты, алардын экөө швециялык, бири британиялык жана бельгиялык жарандар. Жаракат алган он адам дале ооруканада, төртөөнүн абалы оор.
7-апрелде Стокгольмдо жүк ташуучу автоунаа элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен.