Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Түркиянын Анталия шаарында өткөн Grand Prix 2017 мелдешинде күмүш байгени жеңип алды.
9-апрелде, мелдештердин үчүнчү күнүндө аялдар жана эркектер арасында 5 медалдар тобу ойнотулуп, ага Кыргызстандан төрт спортчу катышты.
Алардын катарындагы Риодогу Олимп оюндарынын катышуучусу Юрий Краковецкий 100 килограммдан ашык салмактагылар арасындагы медал үчүн ат салышты. 1/8 финалда орусиялык 20 жаштагы дүйнө чемпиону Тамерлан Башаевди, чейрек финалда түркиялык 2016-жылдагы вице-чемпион Семих Адияманды жеңди. Финал үчүн күрөштө Краковецкий азербайжандык Ушанги Кокаури менен күч сынашып утту. Финалда Риодогу Олимп оюндарынын чемпиону, чехиялык Лукаш Крпалек менен таймашып, жеңилип калды. Натыйжада күмүш байгенин ээси болду. (NT)