Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Хейли: Асадды алмаштыруу АКШнын тышкы саясаттагы башкы багыты


Никки Хейли.
Никки Хейли.

АКШнын тышкы саясатында Сириядагы бийликтин алмашуусу биринчи планга чыгууда. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди.

Ал Си-Эн-Эн телеканалына курган маегинде өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топко каршы күрөшүү АКШ үчүн башкы маселе экенин, бирок бийликте Башар Асад турганда Сирия жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн эместигин айтты.

АКШ Сирия аба күчтөрүн жай тургундарга каршы химиялык курал колдонду деп күнөөлөп, 7-апрелдин таңында Шайрат аба базасына сокку урган.

9-апрелде Орусия менен Ирандын президенттери Владимир Путин жана Хасан Рухани телефондон сүйлөшкөндө АКШнын бул аракетин сындаган.

XS
SM
MD
LG