Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ӨКМ көчкүдөн жабылган жолдор тууралуу маалымат таратты


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул тапта бир катар автоунаа жолдордо кар жана жер көчкү түшүп, жабык турганын эскертүүдө. Кечээ Исфана-Сүлүктү автоунаа жолунда жер көчкү катталгандыктан, жолчулар бүгүн гана тазалоо иштерин баштамакчы. Учурда айдоочулар аталган тилкенин айланма жолу аркылуу каттап жатышат.

Ал эми Бишкек-Ош жолунун 252-чакырымындагы жер көчкүдөн айдоочулар жолдун жарымы менен каттап келсе, түндө жол толук ачылды.

9-апрелде Аксы районунун Сай-Булуң айылынын Ак-Терек участкасында болжол менен 5 миң куб метр жер көчкү түшүп, 30 үй-бүлөнү байланыштырган ички чарбалык жол жабылды. Аталган айылда жолду тазалоо иштери бүгүн башталат.

Мындан башка Өзгөн районунун Жаңгакты айылынын Токто участкасында жер көчкү түшкөн. Кечээ эртең менен бул тилкеде кайрадан экинчи ирет жер көчкү түшүп, 250 үй-бүлөгө баруучу ички чарбалык жол жабылды. Жолчулар тазалоо иштерин бүгүн баштоо алдында турушат.

Ошондой эле Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө 12-14-март күндөрү болгон катуу шамалдан Торугарт-Көк-Кыя-Кынды унаа жолунда кар күрткүлөрү пайда болуп, Ак-Сай өрөөнүндө жол жабылып калган. Жааган кардан улам малчыларга тоют жеткирүү оорлогон. ӨКМден билдиришкендей, кечээ 9-апрелде Ат-Башы-Ак-Муз-Кынды унаа жолунун 52 чакырым аралыгы, Кынды-Көк-Кыя унаа жолунун 24 чакырым аралыгы кар күрткүсүнөн тазаланды. Тазалоо иштери азыр дагы уланууда. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG