Бомба коюлганы айтылган Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясын милиция курчоого алды. Жеринде Улуттук коопсуздук комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, жарылуучу затты изилдөөгө киришти.
Жагдайга байланыштуу окуучулар сабактан тараганын “Азаттыкка” жериндеги кабарчыбыз маалымдады. Болжолдуу маалыматтарда жарылуучу затты пол жууган аял таап, мугалимге берген жана күч органдары дароо чакырылган. (AsM)