Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:57

Бир жумадан бери АКШнын Нью-Йорк шаарында байланышка чыкпай жаткан кыргызстандык Азиз Чиркеевди издөө иштерине кыргыз элчилиги да киришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү эл көп чогулган жерлерде Чиркеевдин сүрөтүн илип, сураштыруу иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары Нью-Йорк шаарынын күч органдарына маалымат берилип, издөө уланууда.

Кыргызстандын жараны, 30 жаштагы Азиз Чиркеев 3-апрелде саат кечки 9да Нью-Йоркто иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча келген эмес. Анын телефону өчүрүлгөн бойдон байланышка чыкпай жаткандыктан, жакындары Чиркеевди табууга көмөк сурап диаспорага кайрылган. (SDz)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG