Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:32

Польшанын насыясы 25 жылдык мөөнөткө 0,15% үстөгү менен берилип жаткандыгы парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде маалым болду.

Өлкөнүн каржы министри Адылбек Касымалиев Польшадан келчү 40 млн евро жеӊилдетилген насыя катары фермерлерге 9% үстөк менен берилерин билдирди.

Депутат Айнуру Алтыбаева 0,15% үстөгү менен алынган насыяны фермерлерге 9% менен берүү калыстыкка жатпастыгын, ортодогу айырма чоӊ экенин айтты.

Өз кезегинде министр Касымалиев Польша насыясы 25 жылдык мөөнөткө евро түрүндө алынып, фермерлерге сом түрүндө берилерин, валюта куну боюнча бардык тобокелдикти мамлекет өз мойнуна алып жатканын билдирди.

Жыйын соңунда Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитети кыргыз-поляк өкмөт аралык протоколдун долбоорун жактырды. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG