Венгриянын башкалаасы Будапештте 9-апрелде он миңдеген адамдар өлкөдөгү Борбордук Европа Университетинин жабылышына шарт түзгөн жаңы мыйзамга каршы акцияга чыгышты.
Америкалык миллиардер Жорж Сорос тарабынан негизделген бул окуу жайдын жабылышына каршы чыккандар президент Янош Адерди мыйзам долбоорун колдоодон баш тартууга чакырышты.
Парламент 4-апрелде кабыл алган мыйзам долбоору Венгриядагы чет өлкөлүк университеттерден өз мамлекетинде дагы ушундай эле окуу жайы жана имараттары болуусун талап кылат.
Венгриядагы акцияга чыккандар улутчул көз караштагы премьер-министр Виктор Орбан окуу жайды либерал оппозициянын туруму деп эсептегендиктен бул мыйзам долбоору Борбордук Европа Университетин өлкөдөн чыгарууга багытталган деген оюн билдиришүүдө.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, окуу жай 2018-жылдан тарта студенттерди кабыл алууну токтотуп, 2021-жылы бул мамлекетте толук ишмердүүлүгүн жыйыштырууга тийиш.