Шашылыш билдирүү
11-12-апрелде кээ бир райондордо, 13-14-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 13-апрелде жана 14-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Суусамырда түнкүсүн -9…-14, күндүз +4…+9;
Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;
Баткенде түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…+5 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 11-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 20...22 градус жылуу болот.