Хоккей боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогу жыйынтыкталып, Казакстандын өспүрүмдөрү биринчиликти алып кетти. 2006-2007-жылы төрөлгөндөр арасындагы мелдеште Астана командасы биринчини алса, экинчи орунду Алматы командасы, ал эми үчүнчү орунду Бишкек алды. Ошондой эле төртүнчү орунду да Казакстандын Чымкент командасы ээледи.
Ал эми 2009-2010-жылы төрөлгөндөр арасында да Казакстандын Алматысы биринчиликке ээ болуп, Бишкек-1 командасы күмүшкө, Чымкент коло медалга ээ болду.
Өспүрүмдөрдүн хоккей оюндары “Шаардык муз майдан” жана “Айсберг” аренасында өттү. Ага Орусия, Казакстан жана Кыргызстандан 9 команда катышты. (SDz)
Facebook шеринеси