Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:37

Москва: Путин-Тиллерсон жолугушуусу күтүлгөн жок


Орусиянын маалымат катчысы Дмитрий Песков.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Москвага жасаган сапары маалында анын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлгөн жок.

"Биз жолугушуу тууралуу эч кандай жарыя кылган жокпуз. Азырынча Путиндин иш жадыбалында Тиллерсон менен жолугушуу каралган жок"-деди 10-апрелде Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Тиллерсон АКШ президенттигине Дональд Трамп келгени Орусияга сапар алган алгачкы чоң кызматтагы расмий адам. Ал 12-апрелде Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугары күтүлүүдө.

Мамлекеттик катчынын сапары Орусия менен АКШ Сириядагы химиялык чабуул боюнча бир пикирге келе албай жаткан маалга туш келди. 7-апрелде АКШ Дамасктын өз жарандарына каршы химиялык чабуулуна жооп чара деп 7-апрелде өкмөттүк авиабазага ракеталык сокку урган.

Песковдун айтымында, АКШнын соңку аракеттери Вашингтон Сириядагы кризиске чекит коюу жаатында кызматташууну каалабаганын көрсөттү. АКШнын Башар Асаддын бийликтен кетиши тууралуу кайра жанданган чакырыктары кризисти чечпейт деп кошумчалады Песков.

300 миңдей адамдын өмүрүн алган алты жылдык согушта Орусия Башар Асадга колдоо көрсөтүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG