Республикалык ачык шахмат турнири 8-9-апрелде “Сейтек-Туңгуч” башталгыч мектебинде өттү. Турнирде 30га жакын мектептерден келген 6-14 жаштагы 250 окуучу жаш курагы боюнча 4 категорияга бөлүнүп ойноду. Аталган турнирден биринчиликти алган окуучуларга Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин мектептерине 25% жеңилдик менен окуу сертификаты, экинчи орундарга 10% жеңилдик менен окуу сертификаты жана баалуу белектер тапшырылды.
Республикалык шахмат турнирин Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси менен Шахмат федерациясы уюштурган.