Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө


Өкмөттүн расмий сайты кабарлагандай, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги отуруму 10-апрелде башталды. Өзбекстандын Наманган шаарында өкмөттүк делегациялардын жумушчу тобунун чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бул жолку жолугушуусу он күнгө созулат.

Акыркы кезде чек ара боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу тобунун жолугушуулары тез-тез өтүүдө.

2016-жылдын август айынан бери он жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар болгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG