Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Орусия оппозициясынын лидери Алексей Навальный абактан чыкты


Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный.
Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный.

Москвада коррупцияга каршы уруксатсыз акция уюштурду деп айыпталып, 15 күнгө абакка камалган Алексей Навалный жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын жакын жардамчыларынын бири билдирди.

Навальный 26-мартта Москванын борборунда өткөн митингде кармалып, эртеси баш калаанын Тверь райондук соту ага коомдук тартипти бузууга алып келген, уруксат берилбеген митингдерди уюштурган деп 20 миң рубль (350 доллар) айыппул салып, 15 суткага камоо чечимин чыгарган.

26-мартта нааразылык акциялары Санкт-Петербург, Тула, Краснодар, Хабаровск, Липецк жана башка шаарларда өткөн. Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болгон. 2-мартта чыккан фильмде өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, жүзүмзарлары, яхталары жөнүндө көрсөтүлгөн. Навальныйдын кору мунун бардыгы мыйзамсыз жол менен алынган деп эсептейт.

Медеведев иликтөөнү “сандырак” деп атады. Орусия президенти Владимир Путин Навальныйды 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өзүн көрсөтүү үчүн митингдерди колдонууда деп сынга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG