Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Могадишодогу кош жардыруудан алты адам мерт кетти


Могадишодо 9-апрелде болгон жардыруу 15 адамдын өмүрүн алган.
Могадишодо 9-апрелде болгон жардыруу 15 адамдын өмүрүн алган.

Сомалинин баш калаасы Могадишодогу кош жардыруудан кеминде алты адам мерт кетип, бир нечеси жарадар болду. Бул тууралуу калаа мэри Абдифата Омара Халанэнин маалымат катчысы билдирди. Жардыруунун бирин жанкечти аскерий машыгуучу лагерде ишке ашырса, экинчи бомба мамлекеттик аткаминердин автоунаасына коюлган.

Мерт кеткендердин беши аскерий, бири өкмөттүн аткаминери болгон.

Кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти «Аль-Шабааб» радикал уюму алды. Топ тараткан маалыматка ылайык, кош жардырууда жыйырмадай аскер мерт кетти. Бул кабар ырасталган жок.

9-апрелде Могадишодогу аскерий базанын жанында уюштурулган жардыруудан бери дегенде 15 адам набыт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG