Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

Роухани: АКШнын Асадга каршы аракеттери чөлкөм үчүн опурталдуу


Ирандын президенти Хасан Роухани
Ирандын президенти Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШны Сириянын өкмөттүк күчөрүнө карата чабуулду улантпоого үндөдү. Роухани Кошмо Штаттардын чабуулу жалпы аймак коопсуздугу учун опурталдуу экенин эскертти. Бул тууралуу Роухани Тегеранда өткөн маалымат жыйында билдирди. Жыйын мамлекеттик телеканал аркылуу түз көрсөтүлдү.

АКШ Дамасктын өз жарандарына каршы химиялык чабуулуна жооп чара деп 7-апрелде Сириядагы өкмөттүк авиабазага ракеталык сокку урган. АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Никки Хейли ошол эле күнү Кошмо Штаттар сокку урууну улантууга даяр экенин, бирок бул зарыл болбостугуна ишенерин билдирген.

Сирияда алты жылдан бери уланып келаткан согушта президент Башар Асадды колдоп келген Роухани АКШнын бул соккуларын сынга алды.

Орусия менен Асаддын өкмөтү соккулар Хан Шейхун шаарындагы эктремисттердин химиялык курал сактаган кампаларына жасалганын билдирсе, козголоңчулар химиялык чабуул абадан жасалганын айтышып, ага Асаддын бийлиги жоопкер экенин жүйө кылышууда.

4-апрелдин таңындагы химиялык чабуулдан өлгөндөрдүн саны 80ден ашты. Алардын көбү балдар жана аялдар.

XS
SM
MD
LG