Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:29

Советтик актриса Завьялованын өлүмүнө уулу күнөөлүү деп табылды


Актриса Александра Завьялова.

Атактуу советтик актриса Александра Завьялованын өлүмүнө уулу күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга кесилди. Санкт-Петербург шаардык соту 10-апрелде чыгарган чечиминде 2016-жылдын февралында бычакталып өлтүрүлгөн 79 жаштагы актрисанын өлүмүнө уулу Петр Завьяловду күнөөлүү деп тапты.

Завьялова 1970-жылдары «Көлөкөлөр түшкө маал жоголот» деген телесериалда башкы ролду ойноп, атак-даңкка ээ болгон.

Акыркы жолу ал Беларус киностудиясында 1992-жылы тартылган «Ак кийим» деген тасмада башкы ролду ойногон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG