Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Украинанын Улуттук банкынын башчысы кызматтан кетти


Украинанын Улуттук банкынын башчысы Валерия Гонтарева.
Украинанын Улуттук банкынын башчысы Валерия Гонтарева.

Украинанын Улуттук банкынын башчысы Валерия Гонтарева саясий басымдан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Батыштын жогору баасына татыган Гонтарева 10-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында билдирип, кызматтан кетүү тууралуу арызын Петро Порошенкого тапшырганын маалымдады.

«Реформалар ишке ашкан соң, менин миссиям аяктады деп эсептейм»-деди Гонтарева.

Ал андан кийинки келе турган адам деле саясий басымга туш болоорун, ошол себептен Украинанын Улуттук банкы саясаттан көз каранды болбошу керектигин кошумчалады.

Байкоочулардын айтымында, өлкөнүн каржы секторун тазалоого багытталган Гонтареванын аракеттери банкты жеке казынасы катары көргөн айрым аткаминерлердин кыжырына тийип келген.

Гонтарева Улуттук банктын башчылыгына 2014-жылдын жайында, Орусия Крымды аннексиялап алган соң дайындалган. Үч жыл ичинде Украинанын улуттук акчасы гривна үч эсе кунун жоготкон, ал эми өлкөдөгү банктардын жарымы жабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG