Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Татарстанда өрт чалган "чиркөө" имаратынан бир адамдын сөөгү чыкты


Татарстандагы “Баардык диндердин чиркөөсү”
Татарстандагы “Баардык диндердин чиркөөсү”

Орусиянын Татарстан Республикасындагы "Бардык диндердин чиркөөсү" деп аталган имаратты каптаган өрттөн кийин бир адамдын сөөгү табылды.

Татарстандын башкалаасы Казандын четинде жайгашкан бул имаратта өрт 10-апрелдин таңында тутанган. Тилсиз жоо өчүрүлгөндөн кийин тамдын ичинде бир адамдын сөөгү табылганын жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Христианчылыктын православ багытынын, исламдын, иудаизмдин жана буддизмдин элементтерин бириктирген бул имаратты жергиликтүү архитектор жана сүрөтчү Ильдар Ханов 20 жыл курган. Анын максаты бардык диндердин баалуулуктарын көрсөтүү эле.

Учурда тергөөчүлөр өрттүн тутануу себебин иликтешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG