Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Таш-Көмүрдө сегиз адам тамак-аштан ууланды


Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында сегиз адам туздалган козу карындан ууланды. Оорулардын алдын алуу департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, уулангандар арасында үч баланын абалы оор, реанимацияда жатышат. Алар ботулизм менен 9-апрелдин кечинде ооруканага түшкөн:

- Бир үй-бүлө өздөрү жасаган туздалган козу карын жеген экен. Ошондон ууланган. Алгач үч бала оор абалда бейтапканага келген. 10-апрелде дагы бешөө кайрылып, жалпы сегиз киши азыр ооруканада. Учурда ботулизм эң орчундуу маселе. Анткени күн жылып консерваланган азыктар бат бузулуп, мөөнөтү бүтүп баратат.

Базарбаев кошумчалагандай, Кыргызстанда жыл башынан бери ар кандай азыктардан ууланган 31 учур катталып, 68 адам жабыркаган. (NT)

XS
SM
MD
LG