Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Тажикстан: кош жарандыгы бар аткаминерлерге айып пул салынат  


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 10-апрелде административдик мыйзам бузуулар тууралуу кодекске сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулады. Мамлекеттик кызматтарда иштегендер бир эле учурда башка өлкөнүн атуулу экени аныкталса, иштен айдоо, жазага тартуу сунушу жазылган. Аларга 1000 сомониден 1500 сомониге (115-140 доллардын тегереги) чейин айып пул салуу сунушталган.

Өткөн айда Тажикстанда “Мамлекеттик кызмат тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген эле. Анда кош жарандыгы барлардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок документте жазага тартуу маселеси камтылган эмес.

Тажикстанда күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин көбү Орусия жарандыгын алганы айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG