Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген төрт медресе ишин токтотту 


Кыргызстанда эч кандай уруксат кагазы, балдарды окутууга шарты жок иштеп жаткан төрт медресе ишин токтотту. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Куштарбек Маматов билдирди. Анын айтымында, жабылган медреселер буга чейин балдарды мечиттин ичинде эле окутуп келишкен.

- Биз буга чейин кыдырып, каттоосу жок төрт медресеге эскертүү бергенбиз. Ал жерде эч кандай медресе жок, мечитте эле окутуп жатышкан экен. Биз мыйзамдарды түшүндүрүп, көрсөттүк.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, өспүрүмдөр инспекциясы, муфтият, райондук акимчилик жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн куралган атайын комиссия билим берүү менен алектенген диний уюмдарды текшерип чыккан. Анын жүрүшүндө «Биринчи Кадам», «Абубакир Сыдык», «Муртазали», «Ыйык биримдик» жана «Мускан Торо» медреселери уруксатсыз иштеп келгени, техникалык коопсуздук, тазалык эрежелери сакталбаганы аныкталган.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 102 медресе бар. Алардын 60тан ашууну каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш алып барат. Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстанда ислам диний билим берүү мекемелериндеги абалды изилдеп чыгып, медреселер чукул реформага муктаж экенин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG