Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Бабанов: Asia Mall соода борборуна насыя мыйзамдуу жол менен алынган


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан Бишкектеги Asia Mall соода борборунун курулушун аяктоо үчүн 17 млн доллар насыя алынганын бүгүнкү маалымат жыйында ырастады. Депутат соода борборунун курулушу боюнча бурмаланган маалыматтар жазылып, президенттик шайлоо алдында каралоо аракети болуп жатат деп эсептейт:

- Мен саясатка келгенден кийин бизнеске аралашпай калгам. Азия Моллду курууда менин тууганым насыя алса болобу деп кеңеш сурап кайрылыптыр. Албетте, болот дедим. Ар бир эле ишкер насыя алып, ал аркылуу курулуш баштап жатпайбы. Бул жерде жашыра турган нерсе жок, ачык-айкын инвестициялык долбоор.

Бишкектеги Asia Mall соода борборунун курулушун аяктоо үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алынганы тууралуу маалымат буга чейин интернетте тарап, Бабановго карата "фонддун уставына каршы келген чечим, каражат экономиканын приоритеттүү секторлоруна гана берилиши керек болчу" деген сындар айтылган.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду "Азаттыктын" Asia Mall соода борборунун курулушуна алынган насыя боюнча катына расмий жооп берди. Анда жалпысынан 693 долбоор үчүн 222 млн долларлык насыя берилгенин жана насыя алуучулар тууралуу маалымат берүүгө укуктары жок экенин билдирген.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт, Өмүрбек Бабанов бул саясий таймашка катышарын расмий жарыялагандардын бири. (KE/KJ)

Бабанов дооматтарга жооп кайтарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG