Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Ак үй алдында Дача СУнун көйгөйлөрүн чечүү талабын койгон пикет өтүүдө


Пикеттин катышуучулары. 11-апрель, 2017-жыл
Пикеттин катышуучулары. 11-апрель, 2017-жыл

Ушу тапта Ак үй алдында Дача СУ айылынын көйгөйлөрүн чечүү талабын койгон нааразылык акциясы өтүп жатат. Пикетке чыккандар кооптуу жерде жашагандарды башка жакка көчүрүү, учак кырсыгында жабыркагандарга компенсация берүү маселелерин көтөрүүдө. Алар "Учак үнүнөн коркобуз", "Учак кайрадан кулабайт деп ким кепилдик берет?" деген жазууларды кармап турат.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, акцияга 200дөй адам келген, милициянын баамында 100-150дөй адам чогулуп турат, ал эми уюштуруучулар 300дөй адам келгенин айтууда.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Турусбек Султаналиевдин "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, Дача СУ айылынын тургундарын көчүрүү үчүн Бишкектин тегерегиндеги Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда бош жер жок, ал эми Жайыл, Панфилов, Москва райондоруна дачасулуктар макул болбой жатат.

Султаналиев ошондой эле учак кырсыгынан кийин ӨКМ аркылуу ачылган атайын эсепке түшкөн 100 миллион сом боюнча өкмөт бардык жабыркагандарды тактоо иштерин жүргүзүп бүткөн жана учурда жардамды бөлүштүрүү маселеси жергиликтүү тургундардын катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын колунда, ага өкмөт кийлигишпейт.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы жабыркагандарга жана жакындарын жоготкондордун туугандарына компенсация төлөө биринчи кезектеги маселе экенин, бул боюнча учакка ээлик кылган түрк тарап менен сүйлөшүү аяктап баратканын билдирди. ӨКМдин ачык эсебине түркиялык «ACT Airlines» авиакомпаниясынан 600 миң доллар (42 млн сомдой) түшкөн. Бул каражат өкмөттүк комиссия эсептеп берген 195 миллион сомдук жалпы чыгымдын бир бөлүгү.

Быйыл 16-январда "Манас" аэропортунун жанында жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 40ка жакын өмүр кыйылган. (SDz/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG