Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Аба ырайы: 12-апрелде жаан жаайт


Шашылыш билдирүү

12-апрелден 14-апрелге чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 12-13-апрелде жана 14-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. 13-апрелде жана 14-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Баткенде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…+4 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте 12-апрелде маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9, күндүз 15...17 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG