Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

АКШда мектептеги ок атуудан үч адам өлдү


Чыр катталган мектеп.
Чыр катталган мектеп.

10-апрелде АКШнын Сан-Бернардино шаарындагы башталгыч мектептеги ок атуудан үч киши өлдү. Башталгыч класстын мугалими Элейн Смит жана сегиз жаштагы окуучу ок тийип каза тапкан. Кол салган адам да класстан чыкпай туруп атынып өлгөн.

Ушундан соң окуучулардын баары эвакуацияланып, психологдорго көрсөтүлдү. Мектеп эки күнгө жабылганы кабарланууда.
Полициянын такташынча, кол салган адам 53 жаштагы Седрик Андерсон мугалимдин мурдагы күйөөсү болгон. Экөө кыйла убакыт чогуу жашап, бир жарым ай мурда ажырашкан экен. Андерсон буга чейин да бир канча жолу үй-бүлөлүк зомбулук жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча жоопко тартылганын полиция билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG