Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Венесуэлада демонстранттар полиция менен кагылышты


Демонстранттар Венесуэладагы саясий жана экономикалык кризиске түздөн-түз айыптуу деп, бийликтин отставкасын талап кылууда. 
Демонстранттар Венесуэладагы саясий жана экономикалык кризиске түздөн-түз айыптуу деп, бийликтин отставкасын талап кылууда. 

Венесуэлада саясий кризис күчөп баратат. Дүйшөмбүдө башкалаа Каракаста каршылык акциясына чыккандар полиция менен кагылышты. Демонстранттар таш, күйүүчү зат куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Жергиликтүү медиа өткөн жумадан бери өтүп жаткан антиөкмөттүк акцияларда ондогон адам жаракат алып, 200дөн ашууну кармалганын кабарлоодо. Демонстранттар Венесуэладагы саясий жана экономикалык кризиске түздөн-түз айыптуу деп, бийликтин отставкасын талап кылууда.

Каршылык Жогорку Сот президент Николас Мадурого парламентсиз эле чечимдерди кабыл алууга уруксат бергенден кийин күчөп кетти. Мындай болгондо оппозиция көзөмөлдөгөн парламенттин айрым функциялары президентке өтөт.

Өткөн жумада алдыңкы оппозиция лидери Энрике Каприлеске мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө 15 жылга тыюу салынган. Бул анын эмдиги жылкы президенттик шайлоого катышуусуна бөгөт болот. Көчөгө чыккандар мына ушуга да нааразы. Президент Мадуро болсо демонстрацияга АКШны айыптап келет.

XS
SM
MD
LG