Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Бишкек: Өтмөктө соода кылгандар Ак үй алдына пикетке чыкты


Өтмөктүн реконструкциядан кийинки дизайны
Өтмөктүн реконструкциядан кийинки дизайны

Бишкек шаарындагы чоң трассалардын кесилишинде жер астында жайгашкан эки өтмөктө соода менен алектенген жарандар бүгүн Ак үй алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, 50-60 чакты адам Бишкектин мэриясы өтмөктү оңдоо шылтоосу менен аларды иш ордунан ажыратууну көздөп жатат деп айтып чыкты.

Шаар бийлиги капиталдык реконструкциялоо иштери 15-апрелде башталып, 31-августта бүткөрүлөрүн пландап жатат.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Султан Өмүров бул боюнча бүгүн "Азаттык" радиосуна:

- Алар жумуш орундарыбыз калсын деп суранып жатат. Бул боюнча альтернативдик сунуштарыбыз болот, башка соода борборлоруна убактылуу жайгаштырып турсакпы деп да жатабыз. Бирок канча орун кандай шартта, кайсы мөөнөткө пайдаланууга берилери оңдоо иштери аяктагандан кийин гана белгилүү болот.

Мэриянын маалыматына караганда, эки өтмөктө түрдүү кеңсе жана башка майда товарларды сатып алектенгендердин жалпы саны 150гө жакын адам. Реконструкцияны шаар бийлиги өз каражатына жасаганы жатат.

"Негизгиси коопсуздук. Суу өткөндөн бетон эскирип, арматуралары чыгып калган жерлери бар. Өрт чыгып же башка кырсык болсо адам өлүмүнө алып келиши ыктымал" дейт Өмүров.

Улуттук филармония жана "Айчүрөк" дүкөнүнүн жанындагы өтмөктөр ачылганына 40 жылдай болуп калды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG